Москвада старт алган Өчпөс оттун бир бөлүгү Ошко жеткирилди

Аны белгилүү россиялык дарыгер жана теле алып баруучу Андрей Продеус алып келди.
6–7-май күндөрү Кыргызстанда “Эскерүүоту” аттуу эл аралык акция өтөт. Россиядагыэң ири коомдук кыймыл болгон “Народный фронт” уюмунун активисттери Россотрудничествонун колдоосу менен республикага Белгисиз жоокердин мүрзөсүндөгү Өчпөс оттон жагылган чырактарды алып келишет.
Москвада акция 5-майда старт алган. Анын катышуучулары Өчпөс оттун бөлүкчөлөрүн дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнө жеткиришет.
Бишкекке “Эскерүү отун” синхрондук сүзүү боюнча үч жолку Олимпиада чемпиону, теле алып баруучу, актриса жана “Суу театрын” жетектеген Мария Киселёва алып келет.
Борбор калаада “Эскерүү отун” тапшыруу аземи Чолпонбай Түлөбердиев атындагы паркта өтөт. Бул — Улуу Ата Мекендик согуштун элесине байланышкан шаардагы жаңы жайлардын бири. Азем бүгүн болот.



