Касымалиев Улуттук онкология жана гематология борборунун поликлиникасын күтүүсүз текшерип барды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси — Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бейтаптардан түшкөн даттанууларга байланыштуу Улуттук онкология жана гематология борборунун поликлиникасында күтүүсүз текшерүү жүргүздү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө өкмөт башчы бейтаптарды кабыл алуу шарттары, медициналык кызматкерлердин ишин уюштуруу, медициналык жабдуулардын абалы, инфраструктура жана мекеменин материалдык-техникалык камсыздалышы менен таанышты.
Адылбек Касымалиев жарандардын узун кезек, иштин жетишсиз уюштурулушу жана бейтаптар үчүн шарттар боюнча айтылган нааразычылыктарына өзгөчө көңүл бурду.
Текшерүүнүн жыйынтыгында медициналык тейлөөнү уюштурууда жана ички координация иштеринде бир катар кемчиликтер аныкталды.
Министрлер кабинетинин төрагасы мекеменин ишин талаптагыдай уюштурбаганы үчүн жооптуу жетекчилерди сынга алып, онкологиялык оорулар менен жабыркаган бейтаптар мындай шарттарга туш болбошу керектигин белгиледи.
«Онкология борборуна келген ар бир адам өтө оор физикалык жана психологиялык абалда болот. Мамлекет сапаттуу медициналык жардамды, өз убагында кабыл алууну жана тийиштүү дарылоону камсыз кылууга милдеттүү», — деди Адылбек Касымалиев.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Саламаттык сактоо министрлигине жана медициналык мекеменин жетекчилигине бир катар тапшырмалар берилди. Алардын ичинде башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү, керектүү жабдууларды ыкчам сатып алуу, кызматкерлердин санын көбөйтүү жана бейтаптарды кабыл алуу үчүн кошумча жайларды түзүү маселелери бар.



