Коом
УКМК: Чек ара кызматынын жооптуу кызматкерлери контрабандалык товарлар менен кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет атайын операцияларынын жүрүшүндө Кыргызстандын аймагы аркылуу чет элдик тамеки продукцияларын аткезчилик жолу менен алып өтүп жаткан уюшкан кылмыштуу топтун ишине бөгөт койду.
Бул иш чаралардын натыйжасында кылмыштуу топтун негизги уюштуруучулары жана алардын ишине катышкан Мамлекеттик чек ара кызматынын жооптуу кызматкерлери контрабандалык товарлардын кезектеги партиясын алып өтүүгө аракет кылып жатканда кармалышты.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 4-бөлүгү боюнча кылмыш жасаган деген шек менен козголгон кылмыш ишинин алкагында алты айыпталуучу кармалды.
Учурда тергөө жана оперативдик иш-чаралар уланууда.



