Коом

Оштун губернатору Акжол Махмудовго акчалай сыйлык берди

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча көп жолку чемпиону, эл аралык даражадагы спорт чебери Акжол Махмудовду кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, жолугушууда өкүл Акжол Махмудовдун жетишкендиктери менен куттуктап, алдыдагы эл аралык мелдештерине ийгилик каалады.

Ошондой эле спортчунун келечектеги пландары тууралуу пикир алышып, облус жетекчилиги ар дайым колдоо көрсөтө турганын айтты.

«Сиздей мекендин желегин желбиреткен, дүйнөлүк аренада кыргызды даңазалаган спортчулар менен сыймыктанабыз. Сиздин эмгегиңиз, эрдигиңиз жаш муунга чоң үлгү. Алдыдагы мелдештериңизде да ийгилик жаратып, байге ээлеринин катарынан көрүнөсүз деген терең ишеничтебиз», — деди Кенжебаев.

Өз кезегинде Акжол Махмудов жылуу кабыл алып, колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, алдыдагы мелдештерде дагы Кыргызстандын желегин бийик көтөрүүгө бардык күч-аракетин жумшай турганын билдирди.

Тектеш кабарлар

Back to top button