Коом

Өлкөдө оор жүк ташуучу транспортторго убактылуу чектөө киргизилди

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан бүгүн, 1-июндан 1-сентябрга чейинки мезгилде максималдуу жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, убактылуу чектөө 2026-жылдын жай мезгилинде Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу жана алардын пайдалануу мөөнөтүн узартуу максатында кабыл алынды.

Ага ылайык, абанын күндүзгү температурасы *28°C же андан жогору болгон учурда саат 10:00 дон 20:00 го чейин Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобилъ жолдорунда жүк ташуучу транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет.

Чектөө төмөнкү транспорт каражаттарына жайылтылбайт:

— жүргүнчүлөрдү ташуучу;

— гуманитардык жардамды ташууларга;

-тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана кооптуу жүктөрдү ташууларга;

— берилген атайын уруксатгын негизинде ири көлөмдүү жүктөрдү ташууга;

— Министрлик тарабынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун курууга, реконструкциялоого, реабилитациялоого жана камсыздоого тартылган жол органдары жана подряддык ишканалардын жол иштерин жүргүзүү үчүн ордер боюнча белгиленген жолдордун тилкелеринде.

Убактылуу чектөөнүн алкагында, көзөмөл Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин көчмө топтору тарабынан транспорт көзөмөл пунткттарында жана кыймыл коопсуздугуна тоскоол болбогон аймактарда жүргүзүлөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button