Коом
Жеке мектептердеги окуу акысы мамлекеттик көзөмөлгө алынбайт

Кыргызстандын жеке мектептериндеги окуу акысы мамлекеттик көзөмөлгө алынбайт. Бул тууралуу Монополияга каршы кызмат билдирди.
Буга чейин баа боюнча мыйзам долбоору талкууланган.
Бизнес өкүлдөрү документ жеке мектептердеги окуу акысына мамлекеттин кийлигишүүсүн шартташы мүмкүн деп кооптонушкан.
Мекеме мыйзам долбоору бааны жөнгө салуу механизмин өркүндөтүүгө багытталганын айтып, окуу акысы дароо мамлекеттик көзөмөлгө өтөт деген пикир туура эмес экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, соцтармакта сентябрдан тарта жеке мектептерде окуу акысы кескин кымбаттайт деген маалымат тараган.



