Коом
Кыргызстанда насвайга тыюу салынышы мүмкүн

Бийлик 2026-жылдын аягына чейин Кыргызстанда насвайга тыюу салып, алкоголдук ичимдиктер менен тамекинин сатылышын чектөөнү пландап жатат. Бул тууралуу өкмөт бекиткен демографиялык саясаттын концепциясында айтылат.
Ага ылайык, насвайды өлкөгө алып кирүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат.
Ошондой эле алкоголдук ичимдиктерди жана тамекини түнкү убакта жана интернет аркылуу сатууга уруксат берилбейт.
Мындан тышкары, спирт ичимдиктери менен тамеки сатып алуу үчүн жаш куракты 18ден 21 жашка чейин көтөрүү сунушталууда.



