Коом

ВИДЕО: Түрмөгө 15 литрге чукул сыраны киргизүүгө аракет жасаган жаран кармалды

2021-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Бишкек шаарында жайгашкан №47 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери тарабынан колонияга тыюу салынган буюмдарды өткөрүү аракети токтотулган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында ИК-47 мекемесинин кызматкерлери 14,5 литр сыраны колонияга өткөрүүгө аракет кылып жатып, 1993-жылы туулган К.Р.К аттуу жаранды кармашкан.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталып, топтолгон материалдар андан ары териштирүү үчүн Бишкек шаарынын Ленин районунун ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.



Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button