Коом

УКМК TikTok тиркемеси кандай шартта ачыларын айтты

Кыргызстанда TikTok социалдык тармагына кирүү мүмкүнчүлүгү тыюу салынган контентти өзүнчө бөгөттөөгө мүмкүндүк берген атайын жабдуу ишке киргизилгенден кийин гана калыбына келтирилет. Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев билдирди.

Депутат Дастан Бекешев бул маселени көтөрүп, TikTok соттун чечимисиз бөгөттөлгөнүн жана анын мыйзамдуулугу күмөн жаратарын белгиледи. Ал ошондой эле социалдык тармак ишкерлер арасында кеңири колдонулуп, бизнести өнүктүрүүгө жардам берип жатканын айтып, платформанын качан кайра ачыларын сурады.

УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаевдин айтымында, TikTokко коюлган чектөө балдарды ден соолугуна, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоо тууралуу мыйзамдын негизинде киргизилген.

«Мыйзамда балдар арасында жайылтууга тыюу салынган же жагымсыз маалыматтарды чектөө боюнча бир нече норма бар. Биз TikTok аркылуу балдарга терс таасир тийгизиши мүмкүн болгон контент таралып жатканын көрүп жатабыз. Ошондуктан убактылуу чектөө киргизилген», — деди ал.

Эрбаевдин айтымында, тыюу салынган контентти өзүнчө аныктап, бөгөттөөгө мүмкүндүк берген атайын жабдуу сатылып алынып, ишке киргизилгенден кийин TikTok платформасына кирүү кайрадан ачылат.

Тектеш кабарлар

Back to top button