Окуялар

Балыкчы – Нарын – Торугарт жолунда кар жаады

Балыкчы – Нарын – Торугарт унаа жолунун 445–544-чакырым аралыгында түнкү убакта кар жаап, кардын калыңдыгы 25–35 сантиметрге жетти. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда министрликтин кызматкерлери атайын техникаларды тартуу менен жолду кардан тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу тоолуу аймактарда жүргөн айдоочуларга жолдо өзгөчө этият болуу, ылдамдыкты ашырбоо жана коопсуз аралыкты сактоо сунушталат.

Тектеш кабарлар

Back to top button