Коом
11-июнга карата аба ырайы

Бүгүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы:
Талас облусунда 24…29,
Ысык-Көл жеринде 17…22,
Нарын өрөөнүндө 18…23,
Чүйдө 27…32,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 28…33 градус жылуу болот.
Абанын табы Бишкекте 28…30 градуска жетет.


