Коом

Министр Ак-Ордо-3 конушундагы жаңы оорукананын курулушун текшерди

Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов Бишкектин Ак-Ордо-3 конушунда жайгашкан жаңы оорукананын курулуш иштери менен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, анда министр объекттин курулушунун учурдагы жүрүшү менен таанышып, жооптуу кызматкерлер менен курулуш иштеринин аткарылыш темпин жана долбоорду аяктоо мөөнөттөрүн талкуулады.

Курулуп жаткан стационар 100 орунга ылайыкталып, борбор калаанын жана ага чектеш калктуу конуштардын тургундары үчүн адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын олуттуу жогорулатууга багытталган.

Объекттин курулушу 2024-жылы башталган. Долбоордун жалпы сметалык баасы 213 млн 886 миң сомду түзөт.

Осмонов курулушту өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, заманбап медициналык инфраструктураны өнүктүрүү саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин айтты.

Тектеш кабарлар

Back to top button