Коом
Бишкектен Чуңкурчакка чейин төрт тилкелүү жол курулат

Бишкектен Чуңкурчакка алып баруучу альтернативдүү автоунаа жолун куруу пландалууда. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында билдирди.
Анын айтымында, учурда жаңы трассанын долбоору иштелип жатат. Жол төрт тилкелүү болуп, калктуу конуштарды айланып өтөт.
Жаңы маршрут Бишкектен Чуңкурчак капчыгайы тарапка түз чыгууга мүмкүнчүлүк түзүп, жол жүрүү убактысын кыскартып, учурдагы жолдордогу тыгындарды азайтат деп күтүлүүдө.



