Коом

Энергетика министринин кызматтан кетүүсүнүн себеби

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, Таалайбек Ибраев пенсияга чыгуусуна байланыштуу өз каалоосу менен арыз жазган.

Маалыматка ылайык, Энергетика министрлигинин жамааты мурдагы министрди ардактуу эс алууга узатты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Таалайбек Ибраевге энергетика тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, Таалайбек Ибраев Энергетика министрлигин 2022-жылдын октябрь айынан бери жетектеп келген.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button