Саясат

Кыргызстан менен Грузия бир катар маанилүү документтерге кол койду

“Ынтымак ордо” президенттик администрациясында өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Грузия эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюшту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Эки өлкөнүн тиешелүү министрлик жана мекемелери тарабынан төмөнкү келишимдер менен меморандумдар кабыл алынды.

Тизме:

-Кыргызстан менен Грузиянын авиациялык бийликтери ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум;

-Кыргызстандын Бажы кызматы менен Грузиянын Каржы министрлиги ортосундагы эки өлкө арасында ташылган товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө алдын ала маалымат алмашууну уюштуруу боюнча келишим;

-Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу мамлекеттик жөнгө салуу органы менен Грузиянын Өзөктүк жана радиациялык коопсуздук агенттиги ортосундагы маалымат алмашуу жана кызматташуу меморандуму;

-Кыргызстан менен Грузиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы 2027-2028-жылдарга каралган кызматташуу программасы;

-Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Грузиянын Билим берүү, илим, жаштар министрлиги ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандуму;

-Кыргызстандын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен Грузиянын Спорт министрлиги ортосундагы кызматташуу келишими;

-эки өлкөнүн Юстиция министрликтеринин ортосундагы укуктук чөйрөдө кызматташуу боюнча меморандум;

-Кыргызстандын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги менен Грузиянын Мамлекеттик мүлк агенттиги ортосундагы кызматташтык меморандуму;

-Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария кызматы менен Грузиянын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана айыл чарба министрлигинин Улуттук азык-түлүк агенттиги ортосундагы кызматташуу меморандуму.

Тектеш кабарлар

Back to top button