Коом

Тамеки тартууга тыюу салуу. Бишкекте көңүл ачуу мекемелерине айып салынды

Бишкектин Ленин районунда коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзамдын так сакталуусу боюнча рейддер уланууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан белгиленген эрежелерди бузгандыгы жана сактабаганы үчүн 3 оюн-зоок жайына (Шехеразаде, Болконский, Огни Баку) 39 миң сом өлчөмүндө протоколдор түзүлдү.

Бүгүнкү күндө Ленин району боюнча 2022-жылдын башынан бери Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан – 247 миң сом, Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан – 243 миң сом суммасында протоколдор түзүлгөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button