Коом

Равшанбек Сабиров Ташкентте MBK Holding компаниясынын өкүлү менен жолугушту

Бүгүн, 17-июнда, Ташкент шаарында V Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров венчурдук инвестор, MBK Holding компаниясынын негиздөөчүсү шейх Мансур бин Халифа Аль Тани менен жолугушту.

MBK Holding компаниясы инновациялык долбоорлорду өнүктүрүү, санариптик трансформация жана стартаптарды колдоо багытында иш алып барат.Жолугушуунун жүрүшүндө Равшанбек Сабиров Кыргыз Республикасында инвестициялык жагымдуу шарттарды түзүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалыматтар менен бөлүшүп, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен инвесторлордун ортосунда инвестициялык келишимдерди түзүү шарттарына токтолду.

Ошондой эле инвесторлор менен өз ара иштешүү үчүн иштелип чыккан санариптик инструменттер, анын ичинде «Инвестициялар» автоматташтырылган маалыматтык системасы, жасалма интеллекттин негизинде иштеген сутка бою жеткиликтүү чат-бот, ошондой эле ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу актуалдуу маалыматтарды камтыган интерактивдүү инвестициялык карта тааныштырылды.

Мындан тышкары, компаниянын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык долбоорлор тууралуу маалыматтар берилди.

Өз кезегинде Катар тарап Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирип, анын ичинде исламдык каржылоо принциптеринин негизинде санариптик банк түзүү жана санариптик экономиканы өнүктүрүү багыттары белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар инвестициялык жана технологиялык багыттарда мындан аркы кызматташууну өнүктүрүүнүн келечегине токтолушту.

Тектеш кабарлар

Back to top button