Коом

Ысык-Атадагы үч унаа жолу толугу менен асфальтталды

Ысык-Ата районунда жол куруу жана оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, быйыл аталган райондо жалпы 34,5 чакырым жолго асфальт төшөө каралган.

Бүгүнкү күндө Жээк – Гагарина унаа жолунун 5 чакырым бөлүгү толук асфальтталып бүттү. Муну менен бирге Новопокровка – Туз унаа жолун жана Красная Речка – Ысык-Ата унаа жолун асфальттоо аяктады.

Учурда Кант — Тоолуу Серафимовка унаа жолунун 9 чакырымдан ашык тилкесине асфальт басууга даярдык иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Туз – Интернационал – Жар-Башы унаа жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалып, учурда жер жумуштары аткарылууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button