Окуялар
Ак-Кудук айыл өкмөтүнө ири өлчөмдө айып пул салынды

Ысык-Ата районуна караштуу Ак-Кудук айыл өкмөтүнө ири өлчөмдө айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдады.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан аталган айыл өкмөттө пландуу текшерүү жүргүзүлгөндө мыйзамсыз таштанды талаасы аныкталган.
Аталган факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, 3 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 68 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле аныкталган мыйзам бузуулар фактысын жою боюнча эскертүү баракчасы берилди.



