Коом
Баткенде жабыркаган ишкерлерге насыя берүүгө бюджеттен 90,3 млн сом каралган

Баткенде жабыркаган ишкерлерге 2023-жылы кредиттик каражаттарды берүүгө республикалык бюджеттен 90,3 млн сом суммасында акча каражаттары каралган. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Министрликтин кызматкерлери Баткен шаарында, Баткен жана Лейлек райондорунда жалпысынан 212 жабыркаган субъекттер менен жумуш алып барып, 75 ишкер менен кредиттик келишим түзгөнгө жетишти.
Учурда калган ишкерлер менен кредиттик каражаттарды берүү максатында белгиленген иштер жүргүзүлүп жатат.



