Коом
Жарандар пенсиялык топтомосун бир нече жолу пайдалана алышат

Кыргызстанда жарандар пенсиялык топтомосун ипотека, үлүштүк курулуш жана дарылануу үчүн бир нече жолу пайдалана алышат. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
Жаңы тартипке ылайык, ипотека же үлүштүк курулуш үчүн алына турган пенсиялык топтомонун эң аз өлчөмү пайыздары менен кошо 50 миң сомду түзүшү керек.
Бул үчүн жаран алгач Социалдык фонддун аймактык башкармалыгынан жеке камсыздандыруу эсебиндеги топтолгон каражат тууралуу көчүрмө алат. Андан соң бул документти банкка же курулуш компаниясына тапшырып, ипотекалык насыяны алуу же төлөө, же болбосо үлүштүк курулушка катышуу тууралуу ырастоочу кат алууга тийиш.
Андан кийин бардык керектүү документтер Социалдык фонддун аймактык башкармалыгына өткөрүлөт.



