Саясат

Көл жээгине велосипед тээп барган президент балыкчылардын маселесин чечип берген

Социалдык тармактарда өлкө башчы Садыр Жапаровдун велосипедге таянып, көл жээгиндегилер менен сүйлөшүп турган видеосу тарады.

Окуя тууралуу жергиликтүүлөрдүн бири мессенжердеги тайпадагыларга айтып берген. Маалыматка караганда, Жапаров жээкте кайырмак салып отургандардын ал-жайын сурап, көйгөйлөрү бар-жогуна кызыккан.

«Тиги балдар айтыптыр, балык кармаганыбыз кымбат болуп жатат, күнүнө 600 сом төлөп атабыз деп. Ошол жерден эле велосипеддин рулундагы телефону менен бирөөгө чалыптыр. Дароо эле 3 күнгө 600 сом болсун деп чечип берди дейт», — деген жергиликтүүлөрдүн бири тайпага жиберген үн билдирүүсүндө.

Тектеш кабарлар

Back to top button