Окуялар

Чычкан дарыясына унаа кулап, Өзбекстандын жараны каза болду

Өзбекстандын жараны Токтогул районундагы Чычкан дарыясына автоунаа кулап кеткенден кийин сууга чөгүп каза болду. Бул маалыматты Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тастыктады.

Мекеменин маалыматына ылайык, кырсык 22-июнда болгон. Унаада төрт адам — үч эркек жана бир аял болгон. Эркектер өз алдынча суудан чыгып кетүүгө жетишкен. Ал эми 45 жаштагы аялды дарыянын катуу агымы алып кеткен.

Издөө-куткаруу иштеринин натыйжасында төрт күндөн кийин куткаруучулар анын сөөгүн таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Тектеш кабарлар

Back to top button