Окуялар

Кеминде карыянын 120 миң сомдон ашык акчасын уурдады деп шектелген аял кармалды

Кемин районунда жергиликтүү кары кишиге карата алдамчылык жасаган деп шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 102 кызматына эки аял пенсионерди алдап, акчасын алып кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн.

Жабырлануучу — Кемин шаарынын 77 жаштагы тургуну. Ал 23-май күнү саат 13:30 чамасында эки белгисиз аял үйүнө келип, ишенимине кирип, 120 миң сомдон ашык акчасын уурдап кеткенин билдирген.

Бул факты боюнча 3-июнда КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүү катары Бишкек шаарынын 33 жаштагы тургуну Т.С. аттуу аялды кармашты. Ал мурда да бир нече жолу соттолгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылып, анын мүмкүн болгон шериктери аныкталууда жана кылмыштын бардык жагдайлары такталууда.

Милиция жарандарды бейтааныш адамдарды үйгө киргизбөөгө, өзүн ар кандай уюмдардын кызматкери катары тааныштырган адамдардын документтерин текшерүүгө жана акча же баалуу буюмдарды бербөөгө чакырды. Эгерде алдамчылардын курмандыгы болуп калсаңыз же шектүү жагдайды байкасаңыз, дароо 102 номерине кайрылуу керек.

Тектеш кабарлар

Back to top button