Окуялар
Бостериде эки гидроцикл сүзүштү

Ысык-Көлдө, Бостери айылындагы «Алтын кум» пансионатынын пляжына жакын жерде эки гидроцикл сүзүшүп кеткен.
Окуянын күбөлөрү тарткан видеодо гидроциклдер жогорку ылдамдыкта бара жатып, бири-бири менен кагышканы көрүнөт.
Маалыматка караганда, милиция окуянын бардык жагдайларын тактап, кырсыкка катышкан адамдарды издеп жатат.



