Окуялар
Бишкекте муниципалдык автобус 9 жаштагы баланы сүзүп кетип, ал каза болду

Бишкекте муниципалдык автобус 9 жаштагы баланы сүзүп кетип, ал алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болду.
Милициянын кайгуул кызматынын маалыматына ылайык, кырсык бүгүн саат 09:00дөр чамасында Жаш Гвардия проспектиси менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишинде болгон.
Бул факт боюнча тиешелүү соттук экспертизалар дайындалып, автобус айып короого киргизилди.
Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.



