Коом

Бишкекте 6 айда коомдук тамактануу жайларына 7,4 млн сомдон ашык айып пул салынды

2026-жылдын алты айында Бишкек шаардык Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тамак-аш гигиенасы боюнча 495 протокол түздү.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде жалпы суммасы 7 миллион 458 миң сом болгон айып пул салынды.

Ошондой эле мыйзам бузуулар жоюлганга чейин 35 объектинин иши убактылуу токтотулду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда ишкерлерди текшерүүгө мораторий күчүндө. Коомдук тамактануу жайлары жарандардын арыз-даттанууларынын негизинде гана текшерилет. Жыл башынан бери Бишкекте массалык тамак-аштан уулануунун бир нече учуру катталган.

Тектеш кабарлар

Back to top button