Коом

Кыргызстанда аралыктан иштеген элчилер институтун киргизүү пландалууда

Бул тууралуу ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев билдирди.

ТИМ жетекчиси Кулубаев бул дипломатиялык кызмат жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясында каралганын, тиешелүү токтомду өкмөт кабыл алышы керектигин айтат.

«Көчмө (аралыктан иштеген) элчилер Кыргызстанда туруп иш алып барып, ошол эле учурда башка өлкөлөрдө мамлекеттин кызыкчылыгына өкүлчүлүк кылышат», – деди министр.

Кулубаев белгилегендей, мындай дипломаттар ар бир үч айда бир ирет өкүлчүлүк кылган өлкөгө барып, жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Калган убакта Кыргызстанда мамлекеттик органдар менен инвестициялык жана башка долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иш алып барышат. Бул дипломатиялык өкүлчүлүк ачып отурбай, ири чыгымды үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Тектеш кабарлар

Back to top button