Коом

Ички иштер министрлиги 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууда

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде ички иштер органдарынын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууга арналган коллегиянын жыйыны өтүп жатат.

Жыйындын жүрүшүндө ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн негизги багыттары боюнча баяндамалар угулуп, отчеттук мезгилдеги иштин жыйынтыктары жана ички иштер органдарынын ишин мындан ары өркүндөтүүгө багытталган чаралар талкууланат.

Жыйын башталганга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө 102 кызматтык автоунаа тапшырылды.

Автоунааларды тапшыруу калкка көрсөтүлүүчү сервистик кызматтардын сапатын жогорулатуу, милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жарандардын чакыруусу боюнча окуя болгон жерге ыкчам жетүүсүн камсыз кылуу жана алардын кызматтык ишинин натыйжалуулугун арттыруу максатында жүргүзүлдү.

Автоунаалардын кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгын майрамдоонун алдында тапшырылып жатканы өзгөчө мааниге ээ.

Тектеш кабарлар

Back to top button