Өзбекстандын маданият министри кыргыз тилинде ыр аткарды

Чолпон-Ата шаарында өткөн Өзбекстандын Маданият күндөрүнүн алкагында Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков өзүнүн «Калдыргоч» аттуу ырын кыргыз тилинде аткарып, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулады.
Сахнага чыгып жатып министр Кыргыз Республикасынын «Эл артисти» деген ардактуу наамы бар экенин айтып, кыргыз эли үчүн кыргыз тилинде ырдоо өзүнүн милдети экенин белгиледи.
«Мен — Кыргызстандын Эл артистимин. Ошондуктан кыргыз эли үчүн кыргыз тилинде ырдоого милдеттүүмүн. Келечекте өз чыгармаларымды кыргыз тилинде аткарам деп убада берем», — деди Озодбек Назарбеков. Анын сөздөрү көрүүчүлөрдүн жылуу кол чабуулары менен коштолду.
Министр дагы бир нече чыгармаларын аткарып, күйөрмандарына жагымдуу маанай тартуулады.
Белгилей кетсек, буга чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Дордой Номад» этнокомплексинде Кыргызстандагы Өзбекстандын Маданият күндөрүнүн жабылыш аземи болуп өттү.
Гала-концертке Кыргызстандын маданият министри Мирбек Мамбеталиев, Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков, эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү, маданият ишмерлери, жергиликтүү тургундар жана эс алуучулар катышты.
Көрүүчүлөр алдында Өзбекстандын Мамлекеттик симфониялык оркестри, «Навбахор» жана «Умут» бий ансамблдери, ошондой эле өзбек эстрадасынын белгилүү аткаруучулары өнөр көрсөтүштү.
Иш-чара эки өлкөнүн маданий кызматташтыгын чыңдоого, элдердин достугун жана руханий байланыштарын бекемдөөгө багытталды.



