Коом
Касымалиев: 1-октябрдан тарта пенсия 1 миң 700 сомго жогорулайт

Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын өлчөмү олуттуу көбөйтүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, учурда минималдуу пенсиянын өлчөмү 7 миң 100 сомду түзөт.
«Мурда пенсия жыл сайын 200-300 сомго, эң көп дегенде 500 сомго көбөйчү. Ал эми 1-октябрдан тарта минималдуу пенсия 8 миң 800 сомду түзүп, 1 миң 700 сомго жогорулайт», — деди Касымалиев.



