Адылбек Касымалиев: Жер эч качан сатылбайт

Кыргызстан экономикалык өсүштүн жогорку темпин сактап калуу үчүн миллиарддаган доллар көлөмүндөгү чет элдик инвестицияларга муктаж. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, коомчулуктун айрым өкүлдөрү чет элдик компаниялардын келишине тынчсыздануу менен карашат. Алар инвесторлор жерге ээлик кылып алышы же жергиликтүү тургундарды сүрүп чыгарышы мүмкүн деп кооптонушат.
Министрлер кабинетинин төрагасы чет элдиктерге жер сатылбай турганын баса белгиледи.
«Жер эч качан сатылбайт. Бирок жер тилкесин болгону эки, үч же беш жылга ижарага берсек, бир дагы ири инвестор келбейт», — деди ал.
Адылбек Касымалиев заводдорду, логистикалык борборлорду, энергетикалык жана туристтик объектилерди куруу үчүн инвесторлорго узак мөөнөттүү кепилдик керек экенин түшүндүрдү. Ошондуктан жер тилкелери 49 жылга чейин ижарага берилиши мүмкүн.
Анын айтымында, чет элдик компания ишкананы куруп, салган каражатын кайтарып, пайда табууга жетишиши керек. Ал эми Кыргызстан жаңы жумуш орундарын, салык түшүмдөрүн, заманбап технологияларды алып, чийки затты өлкө ичинде кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Мисал катары өкмөт башчысы аймактардагы кайра иштетүүчү ишканаларды келтирди. Маселен, сүт заводу жергиликтүү тургундардын сүтүн сатып алып, ошол аймакта өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын пайдаланып, жакынкы айылдардын тургундарын жумушка ала алат.
«Мындай ишканада жумушка орношкон бир адам дагы үч-төрт үй-бүлө мүчөсүнүн жашоосуна колдоо көрсөтөт», — деди ал.
Адылбек Касымалиев белгилегендей, Кыргызстан чийки зат экспорттоодон даяр продукция өндүрүүгө өтүшү керек. Артыкчылыктуу тармактар катары ал айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү, өнөр жайды, логистиканы, энергетиканы жана туризмди атады.
Анын айтымында, чет элдик инвестициясыз дүйнөдөгү бир дагы мамлекет тез өнүгө албайт.
Инвестицияларды Европа өлкөлөрү, АКШ, Кытай, Япония жана Перс булуңундагы мамлекеттер да активдүү тартып келишет.
Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстанда жыл сайын ИДПнын (ички дүң продукциянын) 9–10 пайыздык өсүшүн камсыз кылуу үчүн ички ресурстар жетишсиз экенин кошумчалады.
«Азыр бизге миллиарддаган инвестиция керек. Бул үчүн туруктуулук, ишеним жана түшүнүктүү эрежелер зарыл», — деп жыйынтыктады ал.



