Бишкекте өрттү өчүрүүгө жардам берген Талгат Каныбек уулу сыйланды

Бишкекте өрттү өчүрүүгө жардам берген бетономешина айдоочусу Талгат Каныбек уулу сыйланды.
Көрсөткөн чечкиндүүлүгү жана жарандык жоопкерчилиги үчүн ага Ыраазычылык кат тапшырылды. Ошондой эле эстелик белек катары кол саат берилди.
Бишкек шаардык Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан билдиришкендей, Талгат Каныбек уулунун өз убагында көргөн аракети өрттүн жайылышын чектеп, анын кесепеттерин азайтууга жардам берген.
Башкармалыктын жетекчиси кыйын кырдаалда кайдыгер карабай, өрт өчүрүүчү-куткаруучулар келгенге чейин жардам көрсөткөнү үчүн ага ыраазычылык билдирди.
Буга чейин Айтматов проспектисинде ачык жерде өрт чыккандыгы маалымдалган. 2001-жылы туулган бетономешалка айдоочусу Талгат Каныбек уулу өрттү байкап калып, ӨКМдин бөлүктөрү келгенге чейин аны өчүрүүгө киришкен.



