Окуялар
Мавлян Аскарбековдун иши сотко өтүп, биринчи отурум 20-августка белгиленди

Жарандык активист Мавлян Аскарбековго карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктап, материалдар Бишкектин Ленин райондук сотуна өткөрүлдү.
Биринчи соттук отурум 20-августка белгиленди.
Мавлян Аскарбековго КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси — «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу» боюнча айып коюлууда.
Анын жактоочусу Эрик Ирискулбековдун айтымында, кылмыш ишин козгоого активисттин Facebook социалдык тармагындагы жарыяларына жүргүзүлгөн лингвистикалык экспертизанын корутундусу негиз болгон.
Аскарбеков 12-июнда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Эртеси Бишкектин Ленин райондук соту аны камакка алып, УКМКнын тергөө абагына киргизген.



