Коом

Орусияда акы төлөнүүчү жолдор үчүн төлөмдү көзөмөлдөө тартиби өзгөрөт

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы эл аралык ташууларды жүргүзгөн кыргызстандык ташуучуларга Орусияда акы төлөнүүчү жолдор үчүн төлөмдү көзөмөлдөө тартиби өзгөргөнүн эскертти.

Ведомствонун маалыматына караганда, 1-сентябрдан тарта Орусиянын бажы органдары транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номери аркылуу акы төлөнүүчү жолдор үчүн төлөмдүн бар-жогун автоматтык түрдө текшерет.

Текшерүү Бажы органдарынын бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасы жана Мамлекеттик жана муниципалдык төлөмдөрдүн мамлекеттик маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлөт.

«Эгер карыз аныкталса, маалыматтык система транспорт каражатынын жүрүүсүнө тыюу салуу чечимин автоматтык түрдө түзөт. Жүк ташуучу унаанын жүрүүсүнө карыз толугу менен төлөнгөндөн кийин гана уруксат берилет», — деп билдиришти Бажы кызматынан.

КР Мамлекеттик бажы кызматы ташуучуларга Орусиянын акы төлөнүүчү жолдорунун акысын алдын ала төлөп, карыздын бар-жогун текшерип турууну сунуштайт. Бул эл аралык ташууларды жүргүзүүдө кечигүүлөрдүн алдын алууга жардам берет.

Тектеш кабарлар

Back to top button