Кыргызстанда күйүүчү майга 1 млрд сомго жакын субсидия төлөндү

Кыргызстанда бензин, дизель майы жана автогаздын чекене баасын кармап туруу үчүн мунай сатуучуларга дээрлик 1 млрд сом субсидия төлөндү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, күйүүчү майдын чыныгы баасы май куюучу жайлардагы баадан кыйла жогору. Айырмасын мамлекет бюджеттин эсебинен компенсациялап жатат.
Мисалы, АИ-92 бензининин чыныгы баасы литрине 111–118 сом деп бааланууда. Ал эми май куюучу жайларда анын баасы 87,9 сом. Демек, мамлекет ар бир литр үчүн 23,1–30,1 сом өлчөмүндө компенсация төлөйт.
Дизель майынын чыныгы баасы 125–137 сом болсо, чекене баасы 99,9 сомду түзөт. Компенсациянын көлөмү литрине 25,1–37,1 сом.
Автогаз боюнча айырма азыраак. Анын чыныгы баасы 51–54 сом, керектөөчүлөр үчүн баасы 48,8 сом. Мамлекет ар бир литрге 2,2–5,2 сом компенсация берет.
Монополияга каршы кызматтын мисалы боюнча, айдоочу күнүнө 10 литр АИ-92 колдонсо, мамлекет орточо 26,6 сомдук компенсациянын эсебинен анын чыгымын күнүнө болжол менен 266 сомго, айына дээрлик 8 миң сомго субсидиялап жатат.
Ведомство жарандарды унааны үнөмдүү пайдаланууга, жакын аралыкка коомдук транспорт, велосипед, самокат менен жүрүүгө же жөө барууга чакырды.
Ошол эле учурда Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы айрым коңшу өлкөлөргө караганда жогору.
17-августка карата АИ-92нин баасы Бишкекте 87,9 сом болсо, Казакстанда — 47,4 сом, Орусияда — 72,1 сом, Беларусьте — 76,4 сом болгон.
Өзбекстанда АИ-92 кыргыз сомуна которгондо 99,9 сом, Тажикстанда 127,5 сом, Арменияда 129,6 сомду түзгөн.
Монополияга каршы кызматтын маалыматына ылайык, Өзбекстан менен Тажикстанда Кыргызстандагыдай күйүүчү майдын чыныгы баасы менен белгиленген чекене баанын айырмасын мамлекет компенсациялаган механизм жок.
Ведомство белгилегендей, учурдагы механизм күйүүчү майдын баасынын кескин өсүп кетишине жол бербейт. Бирок бул механизмди каржылоо мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.



