Коом
Жумуш издеген жарандар үчүн эки жаңы санарип платформа ишке кирди

Өлкөдө жумуш издеген жарандар үчүн актуалдуу бош орундарды табууга, ал эми иш берүүчүлөр үчүн вакансияларды жайгаштырууга мүмкүндүк берген Jumush.gov жана Find-ish санарип платформалары түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 21-сентябрда өткөн аппараттык кеңешмеде билдирди.
Жыйында эмгек менен камсыз кылуу маселеси талкууланып, жарандар үчүн жумуш издөөдө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Жаңы платформалар аркылуу жумуш издөөчүлөр өздөрүнө ылайыктуу иш таба алышат. Ал эми жумуш берүүчүлөр бош вакансиялары тууралуу маалымат берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Мындан тышкары, кеңешмеде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу бир катар маселелер каралды



