Коом

Эмгек министрлиги Орусияда 11 кыргызстандыкка эмгек акысын алууга жардам берди

Кыргызстандын Эмгек министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү 11 жаранга эмгек акыcын алууга жардам берди.

Жумушчулар «РБК Стройинвест» курулуш компаниясынын үстүнөн даттанышкан. Өкүлчүлүктүн кийлигишүүсүнөн кийин кыргызстандыктарга 1 миллион 872 миң рубль которулду.

Эмгек министрлиги Орусияда жүргөн кыргызстандыктар эмгек акы төлөнбөгөн жана башка эмгек укуктары бузулган учурда акысыз укуктук жардам алуу үчүн мекеменин өкүлчүлүгүнө кайрыла аларын эскертти.

Тектеш кабарлар

Back to top button