Коом

УКМК: Активдерди кайтаруунун алкагында бюджетке 102 млрд сом өткөрүлүп берилди

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Медина Кайрылбекова активдерди кайтаруунун алкагында мамлекетке өткөрүлүп берилген мүлккө жана акча каражаттарына баа берүү маселесин көтөрдү.

Ал белгилегендей, белгилүү бир мезгилде «кустуризация» деп аталган процессинин алкагында ишкерлердин жана саясатчылардын олуттуу көлөмдөгү акча каражаттары жана мүлкү мамлекетке кайтарылган. Депутаттын айтымында, айрым объектилердин рыноктук баасы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан жогорулатылып көрсөтүлгөн болушу мүмкүн деген пикирлер айтылууда.

Финансы министринин орун басары Умутжан Аманбаев мамлекетке өткөрүлүп берилген объектилердин баасы көз карандысыз баалоочулар тарабынан аныкталганын билдирди. Ал эми суммалар боюнча так маалыматты комитеттин жабык жыйынында талкуулоону сунуштады.

УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев акча каражаттары жана мүлк сот чечимдеринин негизинде мамлекетке кайтарылганын белгиледи.

Анын айтымында, УКМК кайтарылган мүлктүн баасын баалоо менен алектенбейт. Мындай баалоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар же жеке эксперттер тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш.

Алишер Эрбаев ошондой эле 2025-жылы мамлекеттик бюджетке акчалай түрдө 102 млрд сом өткөрүлүп берилгенин маалымдады.

Тектеш кабарлар

Back to top button