Саясат

Президент Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин президенти Абдуллах Эренди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) президенти Абдуллах Эренди кабыл алды.

Жолугушууда TİKA менен өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүү маселелери жана социалдык-экономикалык, гуманитардык тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги талкууланды.

Президент негизги багыттарды, анын ичинде саламаттык сактоо, айыл чарба лабораториялык инфраструктурасын модернизациялоо, кесиптик-техникалык билим берүү жана “жашыл” энергетика тармагында адистерди даярдоо маселелерин белгиледи.

Өлкөнүн алыскы жана бийик тоолуу райондорунда долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде чакан гидроэнергетика, медициналык инфраструктура жана социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жаатындагы долбоорлорго өзгөчө көңүл буруу сунушталды.

Өз кезегинде TİKAнын президенти Абдуллах Эрен Президент Садыр Жапаровго Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын жылуу саламын жеткирип, Кыргызстандын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн оң динамикасына токтолду.

TİKAнын президенти агенттиктин Кыргызстанда жакынкы мезгилде ишке ашыра турган пландары тууралуу айтып берди. Анын ичинде, жаңы долбоорлорду жана айрым демилгелерди камтыган бир катар иш-чараларды өткөрүү мерчемделүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button