Бишкекте карылар күнүнө карата «Жүрөктөн жүрөккө» аттуу кайрымдуулук жарманкеси өтөт

Бишкекте 1-октябрда Эл аралык карылар күнүнө карата «Жүрөктөн жүрөккө» аттуу кайрымдуулук жарманкеси өтөт.
Иш-чарага Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген 40ка жакын өз ара жардамдашуу тобу катышып, кол өнөрчүлүк буюмдарын тартуулайт. Коноктор улгайган муундун чыгармачылыгы жана салттары менен тааныша алышат.
Жарманкенин негизги максаты — активдүү узак жашоону колдоо, улгайган адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу жана алардын коомдук жашоого активдүү катышуусуна шарт түзүү.
Аймактардан келген катышуучулар жүн жана кийизден жасалган буюмдарды, сувенирлерди, декоративдик-колдонмо өнөрдүн үлгүлөрүн жана башка кол эмгектерин сунушташат. Ар бир эмгек улгайган адамдардын тажрыйбасын, чеберчилигин жана чыгармачылык мүмкүнчүлүгүн чагылдырат.
Жарманкенин алкагында төмөнкү иш-чаралар уюштурулат:
утушка кепилдик берилген лотерея;
биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча мастер-класс;
скандинавиялык басуу боюнча сабак;
бий флешмобу;
жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча маалыматтык-билим берүү материалдарынын көргөзмөсү;
шахмат турнири;
ден соолук боюнча адистердин кеңештери;
көркөм чыгармачылык топтордун катышуусунда концерт.
«Жүрөктөн жүрөккө» жарманкеси кайрымдуулук иш-чарасы гана эмес, баарлашуу жана муундар аралык байланыш үчүн да аянтча болот. Коноктор улгайган адамдардын жашоосу, кызыкчылыктары жана муктаждыктары тууралуу көбүрөөк маалымат алып, алардын коомдун өнүгүшүнө кошкон салымына күбө боло алышат.
Иш-чараны AgeNet International эл аралык геронтологиялык тармагы, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялар борбору биргеликте уюштурат.



