Коом

Мэрия: «Мадина» базарындагы өрттөн келтирилген зыяндын көлөмү аныкталууда

Бишкек мэриясы «Мадина» базарындагы өрттөн кийин келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо иштери уланып жатканын билдирди. Шаар бийлигинин маалыматына караганда, ишкерлерге компенсация төлөө маселеси тергөө жана текшерүү иштери аяктагандан кийин каралат.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, Свердлов районунун администрациясы келтирилген зыяндын алдын ала суммасын эсептеп чыгып, укук коргоо органдарына өткөрүп берген. Бирок тергөө иштери уланып жаткандыктан, зыяндын акыркы көлөмү азырынча аныктала элек.

Укук коргоо органдары окуянын бардык жагдайларын жана ага жооптуу адамдарды аныктап жатышат.

Ушуга байланыштуу мэрия жабыркагандарга компенсация төлөнбөйт деген билдирүүлөрдү азырынча эрте деп эсептейт.

«Кийинки төлөмдөрдү жана компенсацияларды берүү маселеси зарыл болгон тергөө жана текшерүү иштери аяктап, келтирилген зыяндын акыркы көлөмү аныкталгандан кийин каралышы мүмкүн», — деп билдиришти муниципалитеттен.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Гүлү Кожокулова «Мадина» базарындагы өрттөн жабыркаган ишкерлерге убада кылынган компенсациялар дагы деле төлөнө электигин билдирген. Депутаттын айтымында, ишкерлерге өрттүн келип чыгышынын акыркы себеби да айтылган эмес.

Тектеш кабарлар

Back to top button