Коом
Бишкекте Кара-Кече көмүрүнүн баасы 7 миң сом деп белгиленди

Бишкекте «Кыргыз көмүр» компаниясы менен биргеликте иштеген кампаларда бир тонна көмүрдүн баасы 7 миң сом деп белгиленди. Бул тууралуу «Кыргыз көмүрдүн» башкы директору Рустамбек Садыралиев радиого берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, капка салынган көмүрдүн баасы өзүнчө аныкталат, анткени ал каптын баасын жана кол эмгекти камтыйт.
Садыралиев Бишкекте компания менен кызматташкан 26 пункт иштеп жатканын кошумчалады. Ошол эле учурда компания менчик кампалардагы бааны көзөмөлдөбөйт.



