Төрага депутат Айсара Абдибаевага карата айтылган жарандардын сынына жооп берди

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 7-октябрда парламенттин жыйынында депутат Айсара Абдибаевага карата айтылган жарандардын сыны тууралуу пикирин билдирди.
Анын айтымында, Айсара Абдибаевага да ата-энелер кайрылышкан.
«Бизди эл шайлайт жана биздин ишибизге эл баа берет. Бизге ар кандай маселелер боюнча кайрылышат. Атүгүл түрмөлөрдө отурган соттолгондор кайрылса да, биз ага реакция кылууга милдеттүүбүз. Ошол сыяктуу эле биздин депутат Айсара Абдибаевага да ата-энелер кайрылышкан. Ал комитетте өз оюн айтты. Бул талкуу болду. Бул анын укугу. Ар бир депутат өз оюн айтууга, сунуш киргизүүгө жана мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга укуктуу. Бул укукту андан тартып алууга болбойт.
Бирок депутат бүтүндөй Жогорку Кеңештин атынан сүйлөдү деп айтууга болбойт. Ал мындай мыйзам долбоорун иштеп чыккан эмес, мындай долбоор парламентке киргизилген да эмес. Бизде мындай долбоорду кароо, андан да кабыл алуу ниети жок. Ал педофилдер тууралуу да айткан эмес. Кеп башка нерсе жөнүндө болгон. Бирок муну педофилдерди коргоо катары баалап коюшту», — деди төрага.
Ал парламенттин VII чакырылышы, тескерисинче, педофилия үчүн жазаны катаалдаштырганын эске салды.
«Алар адамдардын арасында жүрбөшү керек, түрмөдө отуруп, ошол жерде чириши керек. Тарыхка кайрылсак, алар психикалык жактан оорулуу деген маалымкаттарды алышкан. Аларга пробация дайындалган. 3–7 жаштагы кыздарды зордукташкан, балдарды зордукташкан, Ысык-Көлдө майып кызды бир нече жолу зордукташкан. Бирок биз жазаны катаалдаштырдык.
Буга чейин жашы жете электер менен никеге турушкан учурлар да болгон. Азыр мыйзам 18 жашка толо элек адамдар менен никеге турууга тыюу салат», — деди Маматалиев.
Эске салсак, Абдибаева сексуалдык кол тийбестикке каршы кылмыштар боюнча айрым иштерде пробациялык көзөмөлдү колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну, тараптардын жарашуусу тууралуу норманы кайра киргизүүнү, ошондой эле 16 жашка толо элек өспүрүмгө карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттер жасалган учурда жабырлануучунун жашын билбегендигин жеңилдетүүчү жагдай катары эсептөөнү сунуштаган.



