Кыргызстанда эми билим берүү лицензиясын алуу жеңилдейт

Кыргызстанда билим берүү ишмердүүлүгүн лицензиялоо үчүн жаңы портал ишке киргизилди. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, портал Лицензиялоону жана аккредитациялоону башкаруунун автоматташтырылган системасынын (АСУЛА) жаңыланган негизинде түзүлдү.
Буга чейин билим берүү уюмдары asula.edu.gov.kg порталы аркылуу арыз берүүдө техникалык кыйынчылыктарга туш болушкан. Буга байланыштуу система жаңыланып, толугу менен кайра иштелип чыгып, жаңы портал ишке киргизилди.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 1-майынан тартып билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензия алуу үчүн арыздар АСУЛА системасы аркылуу гана кабыл алынып келген.
Жаңы порталда билим берүү уюмдары үчүн төмөнкүдөй өзгөрүүлөр киргизилди:
тапшырыла турган документтердин саны кыскартылып, арыз берүү жол-жоболору автоматташтырылды;
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен имараттын өрт коопсуздугу талаптарына, ал эми Саламаттык сактоо министрлиги менен санитардык-эпидемиологиялык талаптарга шайкештигин электрондук макулдашуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү;
“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин маалымат базасы менен интеграция жүргүзүлүп, имараттын жайгашкан жери жана жалпы аянты тууралуу маалыматтарды автоматтык түрдө алуу мүмкүнчүлүгү пайда болду;
мамлекеттик алымды сайт аркылуу QR-код менен төлөө мүмкүнчүлүгү киргизилди;
эксперттерди автоматтык түрдө тандоо механизми ишке киргизилди;
лицензиялоо процессин жөнөкөйлөтүүгө багытталган башка кошумча сервистер иштелип чыкты.



