Коом

Япония Кыргызстандагы медициналык мекемелерди заманбап жабдуулар менен камсыздайт

Кыргызстанда 2027-жылы медициналык реабилитация системасын чыңдоо боюнча 240 млн сомго жакын каражатты түзгөн долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу 13-октябрда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Долбоор Япония өкмөтүнүн экономикалык жана социалдык өнүгүү программасынын алкагында ишке ашырылат. Анын алкагында медициналык мекемелерди заманбап диагностикалык жана реабилитациялык жабдуулар менен камсыздоо каралган.

Долбоорго төрт мекеме киргизилген:

— Улуттук кардиология жана терапия борбору;

— Курортология жана калыбына келтирүү дарылоо боюнча кыргыз илимий-изилдөө институту;

— Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы;

— Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы.

Нурбек Букуевдин айтымында, долбоор медициналык реабилитациянын жеткиликтүүлүгүн, сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Жабдууларды сатып алуудан тышкары, адистерди даярдоо жана реабилитациянын заманбап технологияларын киргизүү да каралган.

Долбоорду ишке ашыруу 2027-жылдын бардык мезгилине эсептелген.

Биринчи чейректе техникалык талаптарды макулдашуу, долбоордук документтерди даярдоо жана сатып алуу жол-жоболорун өткөрүү пландалууда.

Экинчи чейректе жабдуулар орнотула турган жайлар жана зарыл инженердик инфраструктура даярдалат.

Үчүнчү жана төртүнчү чейректерде жабдууларды жеткирүү, орнотуу жана пайдаланууга берүү каралган.

Ошондой эле жыл аягына чейин медициналык кызматкерлерди окутуу, стандарттык операциялык жол-жоболорду жана клиникалык алгоритмдерди иштеп чыгуу, долбоорго мониторинг жүргүзүү жана анын жыйынтыктарын баалоо пландалууда.

Саламаттык сактоо министрлиги жабдууларды орнотууну, алардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоону, техникалык тейлөөнү, адистерди даярдоону жана жаңы техниканы колдонууга байланыштуу чыгымдарды каржылоону камсыз кылууга тийиш.

Тектеш кабарлар

Back to top button