Сооронбай Жээнбеков Финполдун ишин ЖМКга таратпаганына сын айтты

Бүгүн, 24-январда, Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлүп, анда 2018-2019-жылдарга пландалган иш-чаралардын аткарылышы каралып жатат.
Буга чейин сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупцияга каршы күрөшүү, санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө жана кен казуу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыздоо жаатында чечимдер кабыл алынган эле. Бүгүн алардын аткарылышы боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда талкуу уланууда.
Президент Сооронбай Жээнбеков жасаган резонанстуу иштерин коомчулукка жарыялабаганы үчүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү (Финпол) кызматына сын айтты.
Бүгүн мамлекет башчы Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекеттик органдардын ишинин чабалдыгы боюнча маселе көтөрүп, кызматкерлер жумушуна көңүл кош мамиле жасап жатканын белгиледи. Анын айтымында, айрым мамлекеттик органдар өзү маанисин түшүнбөй эле Коопсуздук кеңешине материалдарды жөнөтүп жиберет.
«Бул силердин жумушка кайдыгер мамиле жасаганыңардын далили. Ошол эле резонанстуу иштер боюнча дагы. Эмнеге ИИМ менен УКМК маалымат берет да, Финпол жок? Эмнеге силер ЖМКга маалымат бербейсиңер?» — деди президент.
Жээнбеков Финполдун башчысына маалыматты убагында таратпаган кызматкерлердин жоопкерчилигин карап чыгууну тапшырды.
Abal.kg