Коом

Чолпон-Атада Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү маселеси талкууланды

2023-жылдын 14-июнь күнү Чолпон-Ата шаарында кыргыз тараптын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жана байкоочулардын Бишкек шаарында Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча борборду түзүү маселеси боюнча кеңешмелери болуп өттү.


Кеңешмелердин жүрүшүндө кыргыз тарап Борбордун укуктук статусун, негизги милдеттерин, функцияларын, ишинин курамын жана уюштуруучулук негиздерин аныктаган Борбор жөнүндө жобонун, ошондой эле Борбордун түзүмүнүн жана штаттык санынын долбоорлорун сунуштады.
Иш-чаранын жыйынтыгы менен Шанхай кызматташтык уюмунун Аймактык антитеррористтик түзүмүнүн базасында Бишкек шаарында Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча борборду уюштуруу жөнүндө кыргыз тараптын сунуштарын эске алуу жөнүндө макулдашууга жетишишти.


Бул кеңешме ШКУнун Самарканд саммитинде (2022-жылдын 15-16-сентябрь айындагы) Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасын ишке ашыруу максатында уюштурулгандыгын белгилейбиз, анда ал Бишкек шаарында эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча борбордун ачылышын ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу механизмин өркүндөтүү жөнүндө чечимди ишке ашыруунун маанилүү элементи катары белгилеген.
Иш-чара конструктивдүү жана достук мамиледе болуп өттү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button