Бишкектеги үч конушта 25-27-февралда таза суу болбойт
“Жеңиш” суу кампасында жасалып жаткан оңдоо иштерине байланыштуу 25-февралда саат 10:00дөн 15:00гө чейин Жеңиш конушунда таза суу убактылуу болбойт.
Ал эми 27-февралда “Калыс-Ордо”, “Мурас-Ордо” суу кампаларында оңдоо иштеринен улам саат 09:00дөн 16:00гө дейре Мурас-Ордо жана Калыс-Ордо конуштарында ичүүчү таза суу болбойт.
Ошондой эле, 27-февралда төмөнкү объектилерде суу убактылуу токтотулат:
— №86 мектепте;
— Калыс-Ордо конушундагы үй-бүлөлүк дарыгерлердин борборунда;
— Мурас-Ордо конушундагы үй-бүлөлүк дарыгерлердин борборунда;
— Калыс-Ордодогу “Бактылуу балалык” жеке бакчасында.
Таза суу өчүрүлгөн кезде мектеп менен бала бакчалар бул күнү иштебейт. Ал эми медициналык борборлор кишилерди кабыл ала берет, чукул чырдаал үчүн суунун запасы толук камдалган.
Abal.kg



