Саясат

Коронавирус Кыргызстанга жакындады, эми текшерүү күчөйт

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүнкү брифингде дүйнөнү каптап аткан коронавирус Кыргызстанга да жакындаганын билдирди. Ал: «Коронавирусту жугузуп алган адамдардын Казакстандан жана Өзбекстандан аныкталышы менен оору Кыргызстанга жакындады», — деди.

Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдө коронавирустун алдын алуу боюнча аталган өлкөлөрдөн келген адамдарды текшерүү күчөтүлөрүн билдирди.

Буга байланыштуу Абылгазиев аталган өлкөлөрдөн келген адамдарды бул аракеттерге түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.

Ал эми премьер-министр Казакстандан товар ташып келүүдө тоскоолдук болбой турганын, бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен эки сыйра сүйлөшкөнүн кошумчалады.

Ушундан улам ал жарандарды дүрбөлөңгө түшүп, кам саноого негиз жок экенин билдирди.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button